22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу маселелер мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат жана алар коомчулуктун талкуу чордонун жаратат. Чек ара боюнча маселелер талуу жана алардын чечилиши көп убакытты алары, эки тараптын дыкат мамилесин талап кылары да белгилүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыздын кайсы президентинин тушунда чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар болгон?" деген собол салды.
Акыйкатчы Токон Мамытов бул президент кыйын, тиги ажо начар деп айткан туура эмес деген пикирде. "Тажикстан менен 511 чакырым такталды деп айтып жатпайбызбы. Бул сүйлөшүү 2002-жылы башталган. Ал жак тоолуу, талаш-тартышы жок, эл барбаган жер. 511 чакырымды талашы жок бат эле 1 жылда тактап койгонбуз. Бул маселеге өкмөттүн, парламенттин, президенттин деле тиешеси жок. Өкмөттөр аралык комиссия коңшу мамлекет менен сүйлөшүп эле тактап койгон.
Ачыгын айтканда, чек ара маселесине президент, премьер-министр, спикер, депутаттардын деле тиешеси жок. Бул жерде бул президент кыйын, тиги ажо начар деп айткан туура эмес. Ушундайлар көп нерсени бузуп жатат. Мындай болбош керек. Кайсы өкмөттөр аралык комиссия иш алып бара албаганын айтуу шарт. 2016-2017-2018-жылдары өкмөттөр аралык комиссия чек ара маселесин чечүүнү алдыга алып кете алган эмес", - дейт Токон Мамытов.