Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси Мартин Негеле менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Замирбек Аскаров Мартин Негелеге Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси кызматында аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал аталган корпорациянын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу, орто жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча кошкон чоң салымын жана көмөгүн белгилеп өттү.
"Сиздердин корпорациянын биздин өлкөдө "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ борборлорун уюштуруу" биринчи мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо жана ишке ашырууда көрсөткөн жардамын белгилеп кетким келет. Мындай жабдууларга муктаждар үчүн бул чоң белек болду", - деди вице-премьер.
Аскаров премьер-министрдин атынан ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын артыкчылыктуу багыты катары өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана ишке орноштуруу мүмкүндүктөрүн жакшыртуу максатында жеке секторду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү саналат.