Ысык-Көл. Тору-Айгыр айылында 95 даана шайлоо кагазы жоголду
Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылдык кеңешинин №3018-шайлоо
участогунан 95 даана добуш берүү кагазы жоголду. Бул иш боюнча жергиликтүү
прокуратурага кабарланганын участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Уларбек
Жылкыбаев кабарлады. Ысык-Көл облустук ИИБинин башчысы Мырзабек Исмаилов бул факты
боюнча акт түзүлгөнүн билдирип, андан башка олуттуу мыйзам бузуулар
катталбаганын маалымдады.