Республиканын бардык облустарында былтыркыга салыштырмалуу сүт көп өндүрүлдү

Республиканын бардык облустарында былтыркыга салыштырмалуу сүт көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылдын январь-июнь айында республика боюнча 751,4 миң тонна сүт өндүрүлдү. 18 миң 715 тоннага же болбосо 2,6 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу көбөйгөнү себеп болду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makul
2019-07-28 16:08:11
Арзандаган жок го бирок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан