Коррупциялык иштерден алты айда 47 миллион 614 миң 991 сом каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын алты айда аткарган иши тууралуу коллегиялык жыйын өттү. "Жыйынга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов катышты. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура тарабынан 2 миң 709 текшерүү болду. 3 миң 161 прокурордук чара көрүү актысы келтирилди. Коллегияда Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгү жана кемчиликтери тууралуу сөз болду", - деп жазылат маалыматта.