Сокулук районунда “унаа уурдап, аны өрттөп жиберген” деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-августта милиция кызматкерлерине 36 жаштагы С.О. ВАЗ-2101 үлгүсүндөгү унаасын 20-июлда уурдап кетишкендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Иликтөөнүн натыйжасында арыз ээсинин таанышы 26 жаштагы Ж.В. кармалган. Белгилүү болгондой, шектүү унаанын терезесин сындырып кирип, электр өткөргүчтөрдү туташтырып, унааны айдап качкан. Уурдалган унааны бир нече күн айдап жүргөн соң, изин жашыруу максатында аны өрттөп салган. Учурда бул факт боюнча иликтөө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.