Интернетке Ош шаарынын тургуну Күндүн нуруна жумуртка жана сосиска бышырган видео тарады

Интернетке Ош шаарынын тургуну Күндүн нуруна жумуртка жана сосиска бышырган видео тарады. Анда жаран аталган шаарда аба ырайы ысык болуп жатканын айтты.

"Бүгүн Ош шаарында аба ырайы аябай ысык болуп жатат. Абанын температурасы болжол менен +45 градус ысык болууда", - дейт ал.

Буга чейин Кыргызгидромет 26-июлдан 29-июлга чейин республиканын көпчүлүк аймактарында мээ кайнаткан ысык орун ала турганын билдирген.

Интернетке Ош шаарынын тургуну күнгө жумуртка жана сосиска бышырган видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Kalmurzaev8900
2019-07-28 21:42:10
Эми ушул видео эле калды эле
+4
Kulatov
2019-07-28 21:51:14
Чымындан пил жараткандар тойгоздуңар.Майды газга кызытып күнгө алып чыгып, кууруган го сосисканы.
+7
Birimdik5555
2019-07-28 22:24:37
Майды бир эки саат коюп койсон ошондой болуп кызып калат экен
-5
Saidochka
2019-07-28 22:53:51
Чын болсо болгондур,жумуртка эмес,мээбизди кууруп жиберип атат го,бул ысык.муну оштуктар гана түшүнөт.кыргыздар мээ кайнаткан ысык деп бекеринен айтпаса керек
+4
anonymous
2019-07-28 23:49:34
Май 200 градус ысыш керек кууруш үчүн.45 градус ысыкта ишенбейм
+4
meni_kut
2019-07-29 13:10:25
anonymous,200 эмес 100 градуста кайнайт,а ошто 42 градус
0
kanatt
2019-07-29 01:22:27
Жалган бул
+5
aslan_akjol89
2019-07-29 04:18:17
Майды скоровородкага жаны куйгандан баштап тартчы автор.Ошондо корот элем жумуртка,сосиски кууруганынды.
+8
aszyma
2019-07-29 09:32:31
Эмомали менен Сооронбай эмнени талкуулашты. Чек арада жаңжал чыкпай турган болуп . Коюлупбу? Мынан кийин Биранта тажигиң тийиш кылса атып салам дебептир
+2
tular
2019-07-29 09:34:51
Видеону байкасанар сосиска менен жумуртканы сковородкага салганда жакшы эле куурула баштаган, бирок аяк жагында майдын табы муздай баштадыго, бул жалган!!! Жогоруда айткандай автор майды сковородкага куйгандан баштап тартса бир жон эле...
+2
Baktiyar731
2019-07-29 10:13:25
Адамдар чындыкка караганда жалганга көбүрөөк ишенене турган болуп калышты.
+6
NURSAPAR
2019-07-29 14:21:03
Бул фейк,физиканы окугула. Жөнөкөй нерсе жумуртканы баары кууруса керек. Кызыган майга колуңду салып көрчү, ар нерсеге ишене бербегиле....
+3
Komrad
2019-07-29 14:54:23
Градустан сүйлөгөндөр, башкаларды урушпагыла да, градус китептегидей болбойт, колуңар менен кармай албай калган темир буюм тайымдарды билесиңер да, тез ысыган материалдар көп, 45 градус ал абанын температурасы, абада басып жүрө бересиң, бирок металл буюмду кармай албай каласың, бул мнеден кабар берет? Сковородкалар ж б у с тез ысый турган, ээрибей турган көпкө ысыкты кармап турган (чугун деп айтып каласынар го, отопление ж б) материалдан жасалат. Жумуртка болсо тез бышат, чала бышса деле жей бер
-2
Komrad
2019-07-29 15:03:24
Башталгыч класста бир китеп окудум эле, Днепр дарыясы жөнүндө, ошерде кумга көмүп жумуртка бышырган учурлар тууралуу
+1
Mister-X
2019-07-29 19:49:34
Бул видеону [moderated]ка былтыры киргизиптир.
0
Mister-X
2019-07-29 20:37:22
Админ,мен эрежени тушунбой калсам кечирим сурайм.Фейсбук,[moderated],одноклассник деген сайттар бул жакка жазылбашы керекби?Башка сайттан бул жакка видео кочурбошу керек-деген эрежени билем.Бирок мен сайттын атын айтып,бул видео бир жыл мурун киргизилген-деп маалыматты тактоо иретинде жазган элем.
0
admin_media
2019-07-30 09:09:10
Mister-X,
Салматсызбы! Айрым сайттардын аталышын жазууга уруксаат жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан