Тайбэйде жыйынтыкталган дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 6 медаль жеңишти. Дзюдочулар 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
55 килограмм салмакта Ханболот Ырысбеков жана 60 килограмм салмакта Чыңгызхан Сагыналиев алтын медалдарды багынтышты.
Анарбек Исмаилов 90 килограмм салмакта, Ажар Исаева 63 килограмм салмакта жана Шахида Нармухамедова 70 килограмм салмак категориясында күмүш медалдарга ээ болушту. 50 килограмм салмакта Муса Шабданбеков коло медаль тагынды.
Бул көрсөткүч менен Кыргыз өлкөсү жалпы командалык эсепте 4-орунду алышты.