Бүгүн, 29-июлда Тажикстанда өтүп жаткан Борбор Азия чемпиондугунда 16 жашка чейинки Кыргыз курама командасы үчүнчү оюнун өткөрөт. Нурлан Букуевдин шакирттери Өзбекстан курама командасы менен кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Кыргыз курама командасынын карамагында 2 оюндан кийин 1 упай бар. Алар Ооганстан менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Тажикстанга 0:2 эсебинде утулуп калышкан.
Тайпада Кыргыз футболчулары 6 команданын арасынан 5-орунду ээлеп келүүдө.
3-турдук оюндар:
19:00 Кыргыз өлкөсү - Өзбекстан;
19:00 Тажикстан - Түркмөнстан;
21:00 Иран - Ооганстан.