Жогорку Сот: Талант Мамытов өзүнө мамлекет тарабынан берилген жактоочуларга ишенбей турганын айтты

Бүгүн, 6-августта Жогорку Сотто өтүп жаткан "ата журтчу" 3 депутат боюнча кезектеги соттук отурумда айыпталып жаткан депутат Талант Мамытов айыпталуучуларга карата мамлекет тарабынан берилген жактоочуларга ишенбей турганын айтты. "Акча берип, силердин сөзүңөрдү сүйлөй турган жактоочуларды жалдап келип, бизге таңуулап жатасыңар. Аларды өзүңөргө жактоочу кылып алгыла. Булар биздин уруксатыбыз жок эле иш менен таанышып чыгышыптыр. Биз буларга ишенбейбиз,- деди эмоцияга алдырган Мамытов. Айта кетсек, мамлекеттик айыптоочу Кумар Токтакунов өткөн соттук отурумда эгер айыпталуучулардын жактоочулары сот иштерине келишпесе, анда мамлекет тарабынан жактоочу бериле тургандыгы айтылганын эскертти. Мамлекет тарабынан Абышкаева, Бапанова жана Кутманова аттуу жактоочулар берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toobaldaru
2013-08-06 13:43:22
Булар калп эле ар кайсы оюндарды ойноп атышат. жетишет булардын эркелегени эртэрээк соттоп салыш керек эле.
-3
Amatov
2013-08-06 14:04:36
Ишенбесе ишенбей эле койсун,ага ким куноолу.Оздору жалданган адвокаттар соттук карамга келбей жаттса анан башка эмне чара колдонуш керек.
-1
Afrodita-12
2013-08-06 15:44:42
Ишенбесенер озунордун жактоочунарды алып келбейт беренер коп соз кылбай, тажатты ушулар уже, достали всех паркурщики
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан