Кыргыз мушкери Бексултан Өмүрзаков 28-июлда Азербайжанда өткөн эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Ал 90 килограмм салмак категориясында Ultimax Fight Night мелдешине катышкан.
Кыргыз мушкеринин атаандашы ирандык Асгар Машади аттуу спортчу болгон. Бирок ал беттешке чыгуудан баш тарткан. "Биз бардыгына даяр элек. Атаандаш акыркы учурда эмнеге беттештен баш тартканын билбейбиз" деди мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров.
Жыйынтыгында Бексултан Өмүрзаков беттештин жеңүүчүсү аталды.