Кыргыз улуттук курамдын жана "Дордойдун" футболчусу Антон Землянухинге Москвада операция жасалат. Бул тууралуу "Дордой" футбол клубу билдирет.
30 жаштагы футболчу тизесинен алган жаракатынан улам Орусияда жеке клиникалардын биринде операция жасатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын футбол талаасына кайтып келүү убактысы белгилүү болот.
Антон Землянухин быйылкы сезондо "Дордой" футбол клубунда ойноп келүүдө.