ЭЛДИК КАБАР: Бүгүн Жалал-Абаддын тургуну Күндүн нуруна жумуртка бышырууга аракет жасады. Бирок жумуртка бышкан жок

Бүгүн, 29-июлда Жалал-Абаддын тургуну Күндүн нуруна жумуртка бышырууга аракет жасады. Окурман билдирүүсүн "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жөнөттү.

"2 саат өтсө дагы жумуртка бышкан жок. Абанын температурасы ысык болуп Күндүн нуруна жумуртка бышырып жатабыз дегендерге ишенбегиле" дейт окурман.

Кечээ, 28-июлда интернетке Ош шаарынын тургуну Күндүн нуруна жумуртка жана сосиска бышырган видеосу тараган.

Буга чейин Кыргызгидромет 26-июлдан 29-июлга чейин республиканын көпчүлүк аймактарында мээ кайнаткан ысык орун ала турганын билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жалал-Абаддын тургуну күндүн нуруна жумуртка бышырууга аракет жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aimani
2019-07-29 15:42:41
Сосиска кууруп көрбөйт белең)))
-1
senchi
2019-07-29 16:09:27
Аш басып корсон бышат эле
0
Nur777
2019-07-29 16:21:28
Алар биринчи сковородканы ысытып алып бери чыгарып анан кууруп атышат деп ойлойм.
+8
tular
2019-07-29 18:30:56
Мен видеону кечээ коргондо эле ишенген эмесмин!
+2
Mister-X
2019-07-29 19:50:54
Жумуртка кууруган видеону [moderated]ка былтыр киргизген.Суперге быйыл киргизип коюптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан