Кыргыз улуттук курама команданын футболчусу Эдгар Бернхардт Малайзиянын футболдук ассоциациясынын Кубогун жеңди. Бернхардт быйылкы сезондон тарта "Кедах" клубунда ойноп келүүдө.
Финалдык оюнда "Кедах" менен "Перак" футболдук клубу кез келген. Бернхардтын командасы оюндун кошумча берилген убактысында гол киргизип, жеңүүчү аталды.
Малайзия чемпиондугунда Бернхардт ойногон "Кедах" командасы 4-орунду ээлеген.