Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусундагы "Майлуу-Суу лампа заводунун" иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 миң 700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздаган заводдо лампанын ондогон түрлөрү чыгууда. Дастанбек Жумабеков завод боюнча өз пикирин билдирди. "Биз ар дайым 10 же 100 жумуш орунун түзөлү деп инвестор издейбиз. Аларга жер таап берели, шарт түзөлү деп убара болуп жүрөбүз. Бирок 1 миң 700 адамга жумуш берген заводду колдой албасак, анда өнүгүүдөн үмүт үзүп коюу керек. Ар бир үйдө, ишканада Майлуу-Суунун чырагы күйүп турушу зарыл", - деди Жумабеков.
Мындан тышкары төрага Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү тургундар мугалимдердин айлыктары, пенсия, жөлөк пул алуу көйгөйлөрү, шаарды көрктөндүрүү сындуу маселелерин ортого салды. Төрага бул суроолорго жооп берип жатып сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлө турганын, октябрда пенсияга акча кошула турганын белгиледи.