Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жаштар арасында Азия жана Океания чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу жаштар арасында дзюдо боюнча Тайбэйде өтүп жаткан Азия жана Океания чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Ал 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.

Кубанычбек Айбек уулу Кувейтте Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Анда япониялык Хаято Кондо менен кез келип, жеңилүүгө дуушар болду. Жыйынтыгында 2-орунга жазылды.

Ушул эле салмакта Дөөлөтбек Таалайбек уулу коло медаль үчүн күрөшүп, казак спортчусуна жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elb_2121
2019-07-30 09:32:45
Азаматтсынар соннун жанылык жок дегенде спроттон Алдына чыга берели кара кучубуз менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан