2018-жылдын 16-июнь күнү Москва шаарында футбол күйөрмандарын сүзүп, кырсыкка кабылган таксист Чыңгыз Анарбек уулу өлкөбүзгө кайтып келди. Башынан ар түрдүү сыноолорду өткөрүп, мекенине келгенине кубанычы койнуна батпай турган мекендешибиз менен SUPER.KG порталы маек курду.
"Өз мекениме келүүгө көмөк көрсөткөн Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем"
- Биринчиден, өз мекениме келүүгө көмөк көрсөткөн Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Кудайга шүгүр, өзүмдүн жериме, элиме келдим. Башында эми жеримди көрбөй калам деп ойлодум эле.
"Бул да болсо Кудайдын берген бир сыноосу болду"
- Мен азыр ошол кырсыктын видеосун көрүүдөн корком. Кандай болгонун түшүнбөй калдым, жарыкты өчүрүп күйгүзгөндөй эле болду. Бул да болсо Кудайдын берген бир сыноосу. Биринчи кезекте, Кудайга шүгүр, эч ким каза болгон жок, "бирөөнүн баласын өлтүрүп алдым" деп коркком. Ата-энем, жакындарымдан да кечирим сурайм. Буларды да аябай кыжалат кылдым.
"Оорунун кадырын ооруган адам билет"
- Менин бала кезимден эч кимге зыяным жок. "Оорунун кадырын ооруган адам билет" деп айтылат го. Ар бир адам ар кандай ой-пикирлерин айтып жатышты. Кээ бирөөлөр атайын сүздү деп жатышат. Канча адам болсо, ошончо ой-пикир болот экен. Атайын сүздү, теракт жасады дегендерди Кудайга койдум. Мен аларга эч нерсе айта албайм.
"Менин келгениме апам өзгөчө сүйүндү"
- Менин келгеним апам үчүн өтө бир башкача күн болду окшойт. Жакындарым, баарынан да апам өзгөчө сүйүндү. Кызымды мындан эки жыл мурун 7-8 айлыгында көргөм, азыр чоңоюп басып калыптыр. Кичүү кызымды эртең Жалал-Абадга барганда көрөм.
"Өз убагында уктап, эс алып, анан жумушка чыккыла"
- Мен сыяктуу Орусияда эмгектенгендерге айтар элем. Өз убагында уктап, эс алып, анан жумушка чыккыла. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Жаштыкка салып, "эс албай эле иштей берем" дебегиле. 12 саат жумуш болсо иштеп, анан жакшы эс алгыла.
"Мындан ары өз мекенимде эле эмгектенем"
- Мындан ары өз мекенимде эле эмгектенем. Спорт менен өзүмдүн мекениме кызмат кылып, бул жакта жүрөйүн деген ниетим бар.
"Жалпы Кыргыз элиме, баламдын келүүсүнө жардам бергендерге ыраазычылык билдирем"
- Балам келинчеги менен 2 күн мурда келишти. Аябай сүйүнүп жатабыз. Бир жыл мурун уулум камалып кетсе кандай айла кылам деп жүргөм. Менин балама жардам берген бардык Кыргыз элиме рахмат, баарыңарга ыраазымын.