ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин Күрөңкеев көчөсүндө оңдоо иштери эки аптадан бери токтоп турат. Элди ойлогон бирөө-жарым барбы?" дейт окурман

Борбор калаадагы Күрөңкеев көчөсүндө жолду оңдоо иштери башталып, бирок эки аптадан бери иш токтоп турат. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.
"Күрөңкеев көчөсүндө жол оңдоо үчүн казылган бойдон турат. Жол чаң болуп, тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Аталган көчөдө оңдоочу техникалар турганы менен жумушчулардан дайын жок. Ишти улантууга эмне тоскоолдук болуп жатат? Тротуар үчүн куюлган бетон эбак эле кургап бүткөн. Эркиндик көчөсүнөн Абдырахманов көчөсүнө чейинки аралык бир топ убакыт бою жабык турган. Азыр бир тараптуу ачылып, унаалар баш аламан өтүшүүдө. Мэрия көзөмөлгө албай кайсы жакты карап отурат? Ишти баштаган соң батыраак аягына чыгышпайбы?!" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-07-30 16:15:03
Обедке кетсе керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан