SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" видеокомпозициясы толуктады.
"Бул ырдын автору казакстандык ырчы Асан Пердешов. Ал мага ырды сунуштап, белек кылган. Клиптеги каармандарды клипмейкер Эрнист Сыдыков менен менин продюсер-менеджерим Назира Бактыбекова тандаган. Клиптин сценарийи ырдын маанисине карата тартылган. Ал эми клиптеги менин формаларым мыкты дизайнерлердин эмгеги", - дейт ал.
24-ИЮЛДАН 31-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Анжеликанын "Айта берем" видеокомпозициясы камсыздады.
8-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасына буюрду.
7-орунду - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" композициясы ээледи.
6-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" клиби багындырды.
5-орунда - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы жайгашты.
4-орунду - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби камсыздады.
3-орун - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клибине буюрду.
2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү клибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.