Америка Кошмо Штаттары Кыргыз жарандары үчүн окуу жана эмгек визаларынын баасын төмөндөтүүгө макул болду. Мындай өзгөрүү ушул жылдын 7-августунан баштап күчүнө кирерин АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник 2015-жылдан бери биринчи жолу эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
Анда эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу тереңдетүүнүн жолдору каралып, жолугушуу ийгиликтүү өткөнү жазылат маалыматта.