Бүгүн, 6-августта Жогорку Сотто "ата журтчу" 3 депутат боюнча уланып жаткан соттук отурумда айыпталуучулар мамлекет тарабынан берилген жактоочуларга ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү улантууда. Мамлекеттик жактоочу Гүлмира Бапанова айыпталуучу Камчыбек Ташиевди жактоого бекитилгенин, соттук отурумда иш алып барууга даяр экендигин айтты. Башка жактоочулар Гүлай Курманова менен Назира Абышкаева да ишке даяр экендиктерин билдиришти. Белгилүү болгондой, Г.Курманова Садыр Жапаровдун, Н.Абышкаева Талант Мамытовдун жактоочусу болуп дайындалган. Бирок айыпталуучулар буга макул эмес. Учурда тараптар бир пикирге келише албай жатат.