Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Турсунали Рустамов Тажикстандын Кубогунда эки гол киргизди. 30-июлда Рустамовдун "Хужанд" командасы жарым чейрек финалдык оюнда "Вахдат" менен кез келген.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргыз футболчусу эки жолу гол киргизгенге жетишкен. Жыйынтыгында "Хужанд" 7:0 эсебинде ири эсептеги жеңишке ээ болду.
Бишкектик "Алганын" мурунку оюнчусу Турсунали Рустамов быйылкы сезондон тарта "Хужанд" командасында ойноп келет.