КҮНСОБОЛ: Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы? КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Элдин маанайын алдын ала байкап көрүү аракети болууда"

Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, мындай материалдар бийликтин уруксаты жок чыгарылбайт.

"Бир даректүү тасма менен кандайдыр бир актоо болуп жатабы же жокпу так айтуу кыйын. Бул жерде көпчүлүк менчик канал сюжетти өзү чыгарды деп ойлоп жатышат. Менин оюмча, мындай материал бийликтин уруксаты жок чыгарылбайт болчу. Даректүү тасманы чыгаруу менен элдин маанайын алдын ала байкап көрүү аракети болду деген ойдомун", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан