Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен Бишкек мэри Азиз Суракматов жаңы футбол борборуна жер бөлүп берүү маселеси боюнча сүйлөшүштү

Бүгүн, 31-июлда Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Бишкек мэри Азиз Суракматов менен жолугушту. Жолугушууда жаңы футбол борборуна жер тилке бөлүп берүү маселеси талкууланды.

"Футболду өлкөдө мындан ары өнүктүрүү үчүн Бишкекте жаңы заманбап футбол борборун куруу керек. Бир канча аянтча, бассейн, мейманкана, заманбап медициналык борбору бар футболдук борбордо миңден ашуун бала машыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул борбор улуттук курама команданын базасы да болот. Жер тилке бөлүп берүү маселесинде Бишкек мэри Азиз Суракматов бизди колдогонуна кубанычтабыз", - деди Канатбек Маматов.

Бишкек мэри тез арада жер тилке бөлүп берүү маселесинде колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rakyl12
2019-08-01 10:05:35
Ушундай жакшы жанылыктарды айтсанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан