Нарын. Нарын шаарында жана бардык шайлоо участкаларында коомдук-саясий кырдаал тынч
Шайлоо участкаларына шайлоочулардын келиши
нормалдуу, ал эми айрым участкаларда шайлоочулардын кезекке турушу байкалууда. Саат 16:00гө карата Нарын шаары
боюнча 6902 (34,5 %) шайлоочу добуш берди. Жалпы шаар боюнча жана шайлоо
участкаларда укук коргоо органдарынын көзөмөлү менен тартип сакталууда. Ар бир шайлоо участкасына шаардык мэриянын
кызматкерлери жана шаардык мекемелердин жетекчилери бекитилген. Шайлоо
участкаларында 50 элдик кошуундун мүчөсү коомдук тартипти сактоого катышууда.