"Дарак ыры" мюзиклин кабелдик Life телеканалы эфирден кетирген. Мындан улам тасманын жаратуучулары нааразычылыктарын айтып, аталган канал мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышты.
Белгилүү болгондой, 28-29-июлда аталган телеканал "Дарак ыры" тасмасын эч кандай уруксаты жок эфирден көрсөткөн. Тасманын жаратуучуларынын бири Толкун Дайырбекова телеканалды жоопкерчиликке тартуу үчүн юристтер менен кеңешип жатканын жазып чыкты. Тагыраагы, Life телеканалы мындай иш-аракеттерин токтотуп, жеке укукту бузгандыгы үчүн компенсация төлөп бериши керектигин айткан. Эгер анын арызы каралбаса, анда мюзиклдин жаратуучулары соттук органдарга кайрыларын билдирген.
"Бул тасманы жаратуу үчүн канча эмгек, канча күч, каражат, убакыт сарпталган. Анан кантип автордун уруксаты жок эле уурдоо жолу менен эфирге кетирип коёт? Тасманы тартып бүткөндөн кийин эки тараптуу кызматташуу сунушу менен канчалаган телеканалдарга кайрылганбыз. Анда эмнеге ошол учурда биз менен иштешкен эмес. Эми акысыз эле алып эфирден көрсөтүп, акча таап жатышат. Бул деген автордук укукту бузуу болуп саналат", - деген Толкун Дайырбекова.
Central Asia Film студиясы жана КТРК гана "Дарак ырын" көрсөтүү укугуна ээ. Толкун Дайырбекова Кыргыз өлкөсүндөгү телеканалдарды, интернет булактарын фильмди уруксатсыз алып көрсөтпөөгө чакырды. Эгер автордук укукту бузгандар болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Тасма расмий түрдө ушул жылдын 31-августунда жергиликтүү телеканалдардын биринде эфирге чыгат.