Жарым жыл аралыгында райондордун борбордук көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 4 чакырым 800 метр асфальт төшөлгөн. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министрлиги 6 айдын жыйынтыгын чыгарган отчётунда билдирген.
"Мындан тышкары 2019-жылы 113 көчөдө ремонт иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 139 чакырым 600 метр жолго асфальт төшөө пландалууда. "Жыйырма шаар - өсүү чекиттери" деген долбоордун алкагында кичи шаарлардын 29 чакырым 900 метр жолун оңдоп-түзөө иштери каралган.
Учурда 43 объектке жарыяланган тендерлер жыйынтыкталып, каражат бөлүнгөн. Дагы 67 объектке жарыяланган тендер аягына чыга элек. Ал эми 3 кичи шаардын жолдорун оңдоого тендер жарыялана элек", - деп жазылат маалыматта.