Чүй облусунун Сокулук районунда өз атасы тарабынан сабалган 3 жана 5 жаштагы балдар учурда таятасынын үйүндө жашап жатышат. Бул тууралуу балдардын апасы Айпери Исраил кызы билдирди.
"3 балам менен атамдын үйүндө жашап жатабыз. Балдарымдын абалы жакшы, ойноп, кичине сүйлөп да калышты. Өзүм иштебей эле үйдө отурам. Мага ата-энем, туугандарым жардам берип жатышат. Ал эми жолдошум камакта. Тергөө иштерине мени чакырышкан жок. Азыр иш боюнча эмне болуп жатканын билбейм", - деди балдардын апасы.
Буга чейин эки бала атасы тарабынан сабалганын балдардын энеси SUPER.KG порталына билдирген. 24-июнда Чүй ОИИББи 3 жана 5 жаштагы бир туугандарды сабаганга шектелип, балдардын атасы кармалып, эки айга камалганын кабарлаган.