"Кыргыз элинин душманын жергиликтүү каналдардан көрсөтүү бул элди шылдыңдоо" деп бүгүн, 1-августта маалымат жыйынында "Мекен Шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү Жылдызбек Исаков билдирди.
"Бул эки каналдын жетекчилери мыйзам чегинде жооп берсин. Элдин алдына чыгып кечирим сурашын талап кылабыз. Элдин душманын актап, жактап көрсөтүшкөнү Апрель окуясында жесир, жетим калгандары аларды бетке түкүрүүгө тете", - дейт Исаков.