"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директорлугуна жаңы жетекчи дайындалды

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Эмил Куданалиев дайындалды. Мындай маалыматты аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Директорлор кеңешинин 31-июлдагы чечимине ылайык, Эмил Куданалиев жетекчилик кызматка дайындалган. Буга чейин аталган компанияны Медетбек Айткулов жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти", - деп жазылат маалыматта.

Эмил Куданалиев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан