Айсулуу Тыныбекова Польшада өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Балбан Айсулуу Тыныбекова Польшада өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Мелдеш 2-4-август аралыгында Варшава шаарында болорун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Күрөш боюнча XXIII эл аралык мелдеш "Poland Open" деп аталат. Аталган беттеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күч сынашат.

Өкмөттүн алдындагы аталган агенттиктин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы балбандын мелдешке катышуусу үчүн өлкө казынасынан 212 миң сом каражат бөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан