Кыргыз клубдарында ойногон 4 футболчу өмүр бою футболдон четтетилди

Азия футбол конфедерациясы “Дордой” жана “Алай” клубдарынын 4 оюнчусун өмүр бою футболдон четтетти.

АФКнын дисциплинардык жана этикалык кодексин бузгандыгы үчүн Кыргыз улуттук курама командасынын жана “Дордой” клубунун мурунку оюнчусу Курсанбек Шератовго футболго байланыштуу бардык иш-чараларга катышууга тыюу салынды. Шератов 2017-жылы АФК кубогунун алкагында "Дордой" командасы катышкан оюндарда сүйлөшүүлөргө баргандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле бул оюндарда футболчу букмекердик ишкердикти колдогондугу боюнча да айыпталды.

"Алайдын" мурдагы жана учурдагы оюнчулары Ильяз Алимов, Абдуазиз Махкамов жана Владимир Веревкин 2017-2018-жылдары АФК кубогунда "Алай" командасында ойноп жүргөндө сүйлөшүп алууларга баргандыгы үчүн күнөөлүү деп табылышты.

Ушул жылдын июль айында “Дордой” клубу себебин ачыкка чыгарбай Курсанбек Шератов менен келишимди жокко чыгарган. Ал эми бул сезондун башында Ильяз Алимов “Алайдан” “Нефтчи” командасына өткөн. Абдузазиз Махкамов учурда Оштун “Алай” клубунун оюнчусу.

2017-жылы АФК кубогунда “Дордой” менен “Алай” бир тайпада ойношкон, бирок эки клуб тең плей-оффтук баскычка чыга алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Qwer007
2019-08-02 11:56:54
Жакшы правила экен. Ушу правила ак уйго иштейт бекен..?
+14
macho90
2019-08-02 13:42:11
Qwer007, Кайран кыргыз ай... Кыргыздын ар бир жараны саясатчы болуп баратат.
+5
Romantik.
2019-08-02 12:24:42
Добро пожаловать в Москву
+8
toktor89
2019-08-02 14:07:37
Саткындар
+6
lightning57
2019-08-02 15:36:31
Себебин тушуно алган жокмун,кандайча?
-3
JENTLEMAN
2019-08-02 18:51:32
lightning57, Түшүнүп эмне кыласың, эркектердин ишине аралашпай эле жүрө берчи, түшүнсөң деле толк жок)).
-2
lightning57
2019-08-03 14:18:30
JENTLEMAN,Куурчагынды ары ойночу
0
bond02
2019-08-02 17:47:12
Булардын футболдон кеткени эмне ойногону эмне, кыйратпагандан кийин.
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-08-02 22:41:19
Росияга барып иштегиле эми!Президент айттыго Орусия женилдик берди деп.
+3
Hernandez
2019-08-03 12:01:26
Клубдарды да жаманатты кылып
0
erjigit-e.15
2019-08-03 16:19:17
Ошондо булар саткындарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан