Бүгүн, 2-августта кыргыз мушкерлери Египеттин борбору Каир шаарында “GalAna Exclusive Championship” уюмунда эрежесиз эр уруш боюнча мелдешке катышат.
Аталган мелдеште кыргыз спортчусу Чынтемир Урматбеков 57 килограмм салмак ченинде чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрмөк. Бирок мелдешке бир күн калганда анын каршылашы белгисиз себептерден улам беттештен баш тартып койгон. Мындан улам уюштуруучулар кыргыз спортчусуна 66 килограмм салмак ченинде башка мушкер менен октагонго чыгууну сунуш кылган жана ал беттеш дагы чемпиондук кур үчүн болорун убадалашкан. “Египетке атайын барган соң ал сунушту кабыл алдым. Каршылашым менден салмагы оор болсо дагы мекенимдин намысын коргоого даярмын” деп Чынтемир Урматбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Чынтемир Урматбеков профессионалдык деңгээлде эрежесиз эр урушта 5 беттеш өткөрүп, бардыгын жеңиш менен аяктаган.
Аталган мелдеште дагы бир кыргыз мушкери Абдулхай Кутбидинов жергиликтүү спортчу Мохаммед Алиге каршы беттешке чыгып, кыргыз желегин желбиретүүгө аракетин кылат.