Болгарияда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Калмира Билимбек кызы финалга чыкты.
Ал 53 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Алгачкы баскычтарда Калмира Билимбек кызы Азербайжан, Дания, Болгария өлкөлөрүнүн спортчулары менен беттешкен. Анда ал оңой жеңишке жетип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда Калмира Билимбек кызы казак балбанын туше менен жеңип алды.
Кыргыз балбаны финалдык беттеште кытайлык спортчу Жоажинг Ши менен кез келип, алтын байге үчүн күч сынашат.