УЕФА Суперкубогу үчүн болгон "Ливерпуль" – "Челси" беттешинде айымдар калыстык кылат

14-август күнү Түркиянын Стамбул шаарынын “Бешикташ” стадионунда УЕФА Суперкубогу үчүн беттеш болот. Анда англиялык “Ливерпуль” менен “Челси” командалары мөөрөй талашат.

Бул беттеште айымдардан түзүлгөн судьялар калыстык милдетти аткарышат. Буга чейин УЕФА уюштурган эркектер арасындагы мелдештерде эч качан кыздар калыстык милдетти аткарышкан эмес.

УЕФА бул оюндун башкы калысы кылып франциялык Стефани Фраппарды дайындады. Ага капталдан франциялык Мануэла Николози менен ирландиялык Мишель О'Нил жардам берет. Бул курамда аталган калыстар 2019-жылы болгон кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнунда иштешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JENTLEMAN
2019-08-02 18:50:32
Кебетелери эркектен айырмасы жокко.
-1
Altyn.bala
2019-08-02 20:57:37
Бизге барып коруп келгенге сонун мумкунчулук экен да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан