Футбол боюнча 16 жашка чейинки Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Тажикстанда өткөн Борбор Азия чемпиондугунда акыркы орунду алды. Чемпиондукка жалпы 6 команда ат салышкан.
Нурлан Букуевдин шакирттери Ооганстан менен тең чыгып, калган оюндарда жеңилүү ызасын тартып калышты.
Кыргыз өлкөсүнүн жыйынтыктары:
1-тур
Кыргыз - Ооганстан — 2:2
2-тур
Тажикстан - Кыргыз — 2:0
3-тур
Кыргыз - Өзбекстан — 2:3
4-тур
Түркмөнстан - Кыргыз — 1:0
5-тур
Иран - Кыргыз — 5:0
Тажикстан 13 упай менен мелдештин жеңүүчүсү болду.