Кечээ, 3-август күнү Москвада эркин шайлоо үчүн чыккан акциянын 600дөн ашуун катышуучулары кармалды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Акцияга баш-аягы 1 жарым миңдей киши чогулуп, бирок көп өтпөй аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап баштаган. Ондон ашуун адам түрдүү жаракаттарды алган.
Нааразычылык акциясы Орусиянын борборунда эки аптадан бери уланып келүүдө жана анын катышуучулары Москва шаардык кеңешинин шайлоосуна көз карандысыз талапкерлерди каттоону талап кылышууда. Шайлоого катталууга аракет кылган башкы талапкерлер кечээ күнү өткөн акцияга катыша алышкан жок, себеби алар 27-июлдагы акцияга катышканы үчүн камакка алынган.