Дарбазачы Кутман Кадырбеков жүрөгүнө жасаткан операциядан кийин алгачкы жолу оюнга чыкты

Кыргыз улуттук курама команданын жана "Дордой" футболдук клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбеков жүрөгүнө жасаткан операциядан кийин алгачкы жолу оюнга чыкты. Бул тууралуу "Дордой" футбол клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү "Дордой" - "Илбирс" жолдоштук беттешинин экинчи таймында Кадырбеков оюн талаасына чыккан. Беттеште 3:1 эсебинде "Дордой" жеңишке ээ болгон.

Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө ушул жылдын апрель айында операция жасалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nukura_jigit
2019-08-04 15:39:12
Ийгилик!
+1
Asking-
2019-08-04 18:34:39
Ден соолук
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан