АКШнын Огайо штатынын Дейтон шаарындагы барлардын биринде ок атышуу болуп, анда 9 адам каза болгон. Дагы 16 адам жарадар болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя болгон жерге полиция келип, эмнеден улам ок атышуу чыкканын иликтөөдө. Белгилүү болгондой, ок атууну баштаган жаран да каза болгон.
Бул АКШда бир сутка ичинде экинчи ок атышуу болгон окуя. Буга чейин Эль-Пасо шаарында 21 жаштагы жаран соода борборунда ок чыгарып, андан 20 адам каза болуп, 26 адам жарадар болушкан. Шектүүнү полиция колго түшүргөн.