UFC уюмунда 4-августка караган түнү болуп өткөн Антонина Шевченко - Люси Пудилова беттеши күндүн мыкты беттеши деп табылды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.
Мыкты деп табылган беттештеги ар бир спортчуга негизги гонорардан тышкары 50 миң доллардан сыйлык катары берилет. Шевченко атаандашын 2-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
Бул жеңиш Шевченко үчүн UFC уюмундагы экинчи жеңиши.