Ош облусундагы Ленин чокусунан түшүп келе жатып, дайынсыз жоголгон 45 жаштагы туристтин жансыз денеси табылды. Маркум альпинисттер тарабынан табылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"И.И. аттуу орус жаранын издөө иштери улантылып, 4-августта ӨКМдан 10 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары, "Ак-Сай-Тревел" туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылып, алар 6 чакырым 200 метр бийиктиктен маркумдун жансыз денесин табышкан. Альпинисттер маркумду 1-лагерге (чокунун 4 чакырым 400 метр жеринде жайгашкан) алып түшкөн. Бүгүн, 5-августта саат 09:00дө ӨКМдин куткаруучулары менен "Ак-Сай-Тревел" туристтик компаниясынын альпинисттери маркумдун жансыз денесин базалык лагерге (3 чакырым 800 метр жеринде жайгашкан) алып түшүп келе жатышат", - деп билдирди маалымат кызматынан.
27-июль күнү орусиялык жаран Ленин чокусунан түшүп келе жатып, 5 миң метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. Ошондон бери ал дайынсыз болуп изделип жаткан. Турист "Горы Азии” туристтик фирмасында камсыздандырылган.
30-июлда саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктикте туристке таандык сумка жана визитка табылган.