Айыл чарба министрлигиндеги чуу: Кытайга баруу үчүн бөлүм башчы министрдин орун басары "болуп калганы" айтылууда

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Экспорт бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиеванын Кытайга иш сапары менен барары чуу жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта депутат Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Экспорт бөлүмүн башкарган адис Беккулиеваны Кытайга бекер иш сапарга жөнөтүш үчүн министр Эркинбек Чодуев министрдин орун басары деп расмий катта жалган жаздырткан кагаз интернетте талкууга алынды. Жергиликтүү калкты жыргатпаган жетекчилер эми бизди ушинтип эл аралык деңгээлде да уят кылып бүтүрүшөт турбайбы", - деп жазды депутат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жогорудагы депутаттын билдирүүсү боюнча жооп бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан