Миллионго жакын мекендештерибиз чет мамлекетте эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келишет. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштешет. Кокус Кыргыз жараны чет жакта көз жумса, маркумдун сөөгүн кандай жолдор аркылуу жана канча акча коротуп алып келишет? SUPER.KG порталы бул ирет "Жүк-200дү" жеткирүүнүн оош-кыйышына токтолот.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаевдин айтымында чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн маркумдун жакындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майында кабыл алынган 236-токтомунун негизинде 3 документти алып келиши керек. Документке карап 50 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнөт.
"Маркумдардын сөөгүн өз мекенине алып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майында 236-токтому кабыл алынган. Мурдагы 40-токтом жокко чыгарылган. Эски токтом боюнча чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн өз мекенине алып келүү үчүн мамлекеттик миграция кызматы тарабынан бөлүнгөн 50 миң сом акча каражатын алуу үчүн маркумдун жакындары 14 документти алып келүүсү керек болчу. Азыр биз 3 гана документти талап кылып жатабыз. Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн маркумдун жакындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майында кабыл алынган 236-токтомунун негизинде 3 документти алып келип, 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын ала алышат", - дейт ал.
Чет мамлекетте каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы тарабынан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алуу үчүн керектүү документтер:
1. Маркумдун каза болгондугун тастыктаган күбөлүгү;
2. Маркумдун тууганы экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
3. Акчаны ала турган кишинин паспортунун көчүрмөсү.
Миграция кызматынан каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүүгө 50 миң сом акча каражаты бөлүнөөрүн билген соң, берилген каражат маркумдун сөөгүн мекенине алып келүүгө жетеби, жетпейби кызыгып көрдүк. Улан Кошматов Москва шаарында каза болгон мекендештердин сөөгүн өз мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүп келет. Ал "Жүк-200дү" өлкөбүзгө алып кетүүгө канча акча каражаты кетээрин жана сөөктү жөнөтүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду.
"Мен Москвада 20 жылдан бери иштеп жүрөм. Кыргыз диаспорасы менен көптөн бери иштешем. Москва шаарынан "Жүк-200дү" жөнөтүү үчүн эң аз дегенде 55-60 миң сом кетет. Коштоп келген кишинин да билети болушу керек да. Мисалы, жайында жана күзүндө тойго же эс алганы көп адамдар келишет. Бул мезгилдерде билеттин баасы кымбат болот. Билеттин баасы туруктуу эмес, айрым учурда 5000 сом болсо, айрым учурда 30 миң сом болуп калат. Мындай учурда кымбат болсо дагы айла жок аласың. Ошондо маркумдун сөөгүн алып келүү жана коштоп келген кишинин жол киреси менен 70-80 миң сом болуп кетет".
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат-катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында ата мекендик “Авиа Траффик” жана “Эйр Манас” авиакомпаниялары чет өлкөдө каза болгон жарандарыбызды акысыз алып келет.
"Өлкөбүздө түзүлгөн атайын авиациялык эрежелердин негизинде чет мамлекетте көз жумган жарандарыбыздын сөөгүн эки авикомпания акысыз алып келет. Алар “Авиа Траффик” жана “Эйр Манас” авиакомпаниялары. Азыркы учурда "Эйр Манас" авиакомпаниясы Москвага учпайт. Мындан улам бир гана “Авиа Траффик” бүгүнкү күндө өлкөбүзгө "Жүк-200дү" алып келүүдө".
Улан Кошматов “Авиа Траффик” компаниясы маркумдун сөөгүн мекенине акысыз алып келет деген транспорт министрлигинин маалыматын четке кагат. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн авиакомпаниялары маркумдун сөөгүн бекер эмес, акча төлөсөң деле алып келбейт. Улан мырза сөзүм куру болбосун деп биздин көз алдыбызда "Жүк-200дү" Кыргыз өлкөсүнө жиберүү менен алектенген "Эдем" компаниясынын өкүлү менен байланышып, кыргыз авиакомпаниялары "Жүк-200" алып келеби, жокбу тактап көрдү.
"Эч бир кыргыз авиакомпаниясы каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келбейт. Акысыз эмес акча төлөсөң деле албайт. Биздин күнүбүз "S7", "Урал", "Аэрофлот" компанияларына түшөт. Маркумдун сөөгүн ушул компаниялар алып келет. "S7" компаниясы Кудайдын куттуу күнү Ошко учуп турат. Сөөктү Бишкекке жеткиргенге караганда Ошко жеткирүү оңой. Кыргыз авиакомпаниялары "Жүк-200дү" акысыз жеткирет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азыр Москва шаарынан биз менен өлкөбүзгө "Жүк-200дү" жиберүү менен алектенген компанияга байланышайын.
- Сергей, мен азыр журналисттер менен отурам. Айтсаң, кыргыз авиакомпаниялары "Жүк-200дү" бекер жеткиришеби?
- Жок, жок, алып келбейт. Кайдагы бекер? Бекер эмес акча төлөсөң деле жеткирбейт.
- Кайсыл компаниялар менен иштейсиңер силер?
- "S7", "Урал", "Аэрофлот" компаниялары менен.
- Макул, рахмат.
Мына көрдүңөрбү Тажикстандын учактары акысыз алып кетишет. Биз акысыз эмес, бир аз баасын арзандатса дейт элек. Башка улуттун эмес, өзүбүздүн жарандардын сөөктөрүн алып келишет го".
"Эйр-Манас" компаниясы азыркы учурда Орусияга түз каттамдарды жүргүзбөгөндүктөн биз "Авиа Траффик" компаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова менен байланыштык.
"Ооба, биз маркумдун сөөгүн алып келебиз. Азыркы учурда деле ошондой иштерди аткарабыз. Эгерде маркум Кыргыз Республикасынын жараны болсо биз акысыз сөөктү өз мекенине жеткиребиз" деди ал.
"Авиа Траффик" компаниясынын акысыз сөөктү алып келип жатабыз дегенин угуп, биз кайрадан Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылдык.
"Мен "Жүк-200дү" эки авиакомпания акысыз алып келет деп айттым эле. Азыр "Авиа Траффик" компаниясынын башкы директору менен байланыштым. Анын айтымында, буга чейин 200гө жакын "Жүк-200дү" акысыз алып келишкен экен. Жакында эле компаниянын директору башкы прокуратурага кайрылып, "биз эми жеке компания болгондуктан алып келбейбиз" дептир. Башкы прокуратура "Жүк-200дү" акысыз алып келүүнү токтотуу чечимин чыгарыптыр", - деди Кылычбек Досумбетов.
Репортажыбыздын соңунда "Жүк-200дү" эч бир компания акысыз өлкөбүзгө алып келбейт деген жыйынтыкка келдик.