Бир ай бою Бишкектин көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө кирет. Мындай чечим мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу кабыл алынганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ушул жылдын 31-июлундагы мэриянын буйругуна ылайык, 1-августтан 1-сентябрга чейин абанын температурасы +28ден жогору болгондо эртең менен саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө кирет. Ал эми жүргүнчүлөрдү жана гуманитардык жардам үчүн чогулган жүктөрдү ташыган унааларга тыюу салынбайт.
Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кошумча жол белгилерин орнотууда" деп жазылат маалыматта.