Бүгүн, 5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар барышкан. Алар компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылган. Чогулгандар компанияга барганда ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан. Учурда абал тынчып калганын өздүк булактар билдирди.
"Кытай жумушчулары Солтон-Сарыдан ылдый түштү. Аларды алып кетебиз дешкен экен. Азырынча эч ким келе элек. Ал эми өздөрүнүн талабы менен чыккан эл боз үй тигип жатышат. Чогулгандар талабы аткарылмайынча Солтон-Сарыда болуп, тынчтык митингин улантабыз дешти. Эртең, 7-августта бул маселе боюнча жыйын болот", - деди өздүк булактардан.