3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.
Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул боюнча туура жыйынтык чыкпаса, мындай окуялар кайталана берет деген пикирде.
"Солтон-Сарыда эле эмес, кендерди иштетүүдө Бишкектен лицензия берип коюшуп, жөнөкөй элдин пикири менен эсептешпейт. Жер жергиликтүү айыл өкмөттүн балансында болгондуктан эл менен социалдык пакет, экологиялык коопсуздук, жумуш маселеси боюнча эсептешүү керек. Мындан кийин үч тараптуу келишимге кол коюлушу шарт. Иштете турган компания, Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети жана айыл өкмөт кол коюшу зарыл. Бул окуя өкмөт түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасынан чыкты деп ойлойм. Эл өзүнүн ата-бабасынан калган жайытты, жерди, сууну коргоп чыкты. Ал жердин ээси эл. Өкмөт лицензия берип жатканда эмнеге эл менен эсептешпейт? Компаниялар менен келишимге кол коюлуп жатканда жергиликтүү элдин курултайын өткөрүү керек. Эл макул болсо лицензия берилиши шарт. Туура жыйынтык чыкпаса жер-жерлерде мындай окуя кайталана бериши мүмкүн", - дейт Иманалиев.