Ошто Ленин чокусунан түшүп келе жатып каза болгон туристтин сүрөтү жарыяланды. Ал Орусиянын Ички иштер министрлигинде иштеген

Ошто Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна чыгып, кайра түшүп келе жатканда каза болгон турист Орусиянын Ички иштер министрлигинде иштегени маалым болду. 45 жаштагы Иван Иванов альпинизм менен алектенип жүргөнүн орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, генерал эмгек өргүүсүн алып, Ленин чокусуна чыгуу үчүн Кыргыз жергесине келген. Ал чокудан түшүп келе жатканда каза болгон.

Окуянын чоо-жайы:

27-июль күнү орусиялык жаран Ленин чокусунан түшүп келе жатып, 5 миң метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. Ошондон бери ал дайынсыз болуп изделип жаткан. Турист "Горы Азии” туристтик фирмасында камсыздандырылган.

30-июлда саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктикте туристке таандык сумка жана визитка табылган. Ал эми 4-августта "Ак-Сай-Тревел" туристтик компаниясынын альпинисттери 6200 метр бийиктиктен маркумдун жансыз денесин табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Paprikafm
2019-08-06 16:10:35
Ошондо эмне болуп каза болгон болот
0
TalaCSKA
2019-08-06 16:14:46
Нормально тактасанар тушуп келе жатып 5 мин метр байланышка чыкса анан соогу 6200метрден деп эмне кайра жогоруу чыкканбы визитка менен документке тушунуксуз
+9
Bolotbek7404
2019-08-06 16:24:11
TalaCSKA,5009 метрден учуп кеткенде катуу шамал болуп кайра ойдого учуруп чыккан. Башы менее курткуго тыгылып тумчугуп олуптур...
+5
Бактыгүл Момбекова
2019-08-06 16:58:24
TalaCSKA, Саламатсызбы. Турист антенна чыккан жерге келип байланышка чыккан. Бул ӨКМнын расмий маалыматы. Маркумга тиешелүү буюмдар 6300 метр жерден табылган. Демек турист чокудан түшүп келе жатып, ошол жерде калган. Болгону байланышка чыгуу үчүн ылдый түшкөн.
+3
bazar
2019-08-06 21:59:06
Туристби же чалгынчыбы кудай билет
-4
bond02
2019-08-06 22:17:31
Генерал майор экен да.
+1
orun
2019-08-07 15:15:50
Орусиянын маалымат каражаттарында МЧС те иштеген деп жүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан