Актёр Бектемир Мамаюсупов продюсерлик кылган "Шайлоо" тасмасы Лас-Вегастагы фестивалда мыкты деп табылды

"Салам, Нью-Йорк" тасмасы аркылуу таанылган актёр Бектемир Мамаюсупов продюсерлик кылган "Шайлоо" тасмасы Лас-Вегаста өткөн фестивалда эки наамга көрсөтүлгөн. Фестивалда эң мыкты кыска метраждуу тасма сыйлыгы кыргыз тасмасына буюрду. Бул тууралуу Бектемир Мамаюсупов билдирди.

"The new fest" деп аталган эл аралык фестивалга бир нече мамлекеттин тасма жаратуучулары катышты. Финалга Индия, Норвегия, Колумбия жана Кыргыз өлкөсүнүн тасмалары өтүп, биздин тасма эл аралык мыкты тасма деп табылды. Ал эми фестивалга өзүбүз бара албагандыктан Лас-Вегаста жашап жаткан Жибек Нурманбетова аттуу мекендешибизге кайрылганбыз. Ал макул болуп фестивалга барып, сыйлыкты алды.

Буюрса август айынын соңунда Лос-Анжелесте дагы фестиваль орун алат. "Шайлоо" тасмасы ал фестивалга дагы катышат", - дейт актёр.

Тасманын режиссёру Медербек Жалилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza17
2019-08-06 19:25:22
Кана тасма??? Королу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан