Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Алтын кенин иштеткен кытай компаниясынын иши токтотулат деген корутунду чыкты"

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынын иши токтотулат деген корутунду чыгарды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Азыркы тапта Солтон-Сарыга барган өкмөт өкүлдөрү өз алдынча жыйын өткөрүп жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Анда элдин койгон талаптары каралууда.

Эл өкмөт өкүлдөрүнө эки талап койгон. Алар:

1. Алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынан лицензияны алуу;

2. Азыркы Нарын районунун акимин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан алуу.

Солтон-Сары кенинин иштешине каршы чыккандардын пикири жана өкмөт өкүлүнүн ага жообу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ALATOOLUK.JIGIT
2019-08-06 18:21:27
Азаматтар. Бекем тургула.
+5
Bektur2011
2019-08-06 18:43:28
Лицензия берген Атамбаев менен Зилалиевди да жоопко тартылсын деген талап койгула
+3
Dj.
2019-08-06 20:04:29
Азаматсынар Солтон-Сарынын эли! Биримдикте бекем тургула. Окмот лицензияны биротоло жокко чыгарсын деп катуу талап койгула. Болбосо эртен эле башка компания келет, алтын казам деп.

Элдин алтындары бут эле инвестор деген аты бар чет элдик ууру-мафиялар менен биздин жепжутар бийликтин чонтогуно кетип жатат уурдалып. Бербегиле ата-бабанардан силерге мурас калган алтын-кумушту жат бироолорго!

Окмот лицензияны биротоло жокко чыгарсын, ННарындын аким менен губернатору кетсин!
+1
Dj.
2019-08-06 20:12:51
Нарындыктар, жолду жаба бергиле. Абулгазиев тээ илгертен кытайдын адвокаты. Ал элди эмес, озунун жана Сокенин чонтогунун камын ойлоп кайгырууда.

Инвесторду сыйлаш керек, алар иштеш керек деп догурунуп жатат. Тогуз-Тороодо эл чогулганда да басып барбай, элди кабыл албай, кытайлардын мыйзамсыз курулуп жаткан заводун эл орттогондон кийин кытайларды кабыл алган бул адам. Тогуз-Тороолук байкуштар абакта жатат.

Андыктан катуу тургула. Талаптарынар аткарылганча.
+1
Dj.
2019-08-06 20:17:02
Мумкун болсо талаптарынарга дагы бир пункт кошуп койгула. Камалган Тогуз-Тороолуктарды бошотсун Окмот. Алар да силер сыяктуу оз укуктары учун курошуп, ак жеринен камалган байкуштар...

Чет элдик инвесторлор жайытынарды талкалап, сууну уулап, алтын-кумушунорду ташып кетет, ордуна миндеген тонна уулуу калдык калтырып. Казылган алтындын пайдасын эл эмес, каздырган кытайлар менен бийликтеги шылуундар корот.

Андыктан аягына чейин тургула, бут Кыргызстан эли силер менен!
0
Dj.
2019-08-06 20:49:09
Кытайдын элчилиги басым жасап жатат Окмотко, ботон жерге келип оз условиясын диктовка кылып...

Кытайлыктар мыйзамды сыйлайт дейт, созунун баары калп.

Озгондо кытайлар мас болуп жергиликтуу жаранды барымтага алып, жергиликтуу эл менен мушташканы, Бишкекте кытайлар милицияны уруп токмоктоп кубалап, акыры милициялар коптоп кармаганы, Чаткалда кытайлар жергиликтуу элдерди барымтага алып камап койгону,
+1
Dj.
2019-08-06 20:52:29
кытайлар эч кимден сурабай Баткенге чейин барып кен чалгындап жургону, уруксаты жок эле булар бир чети. Чуйдогу алтын казган ишканада, Кара-Балтадагы Жунго заводундагы кыргыз элине кылган кордуктарычы? Кытайлар Тогуз-Тороодо мыйзамсыз завод куруп жатканда кытай элчилиги кайда эле? Бишкек ТЭЦти кытайлар тоноп жаткандачы?!

Кыргызстанда адал эмгеги менен нан тапкан кытай аз. Кыргызстандагы кытай ишканаларынын 99% коррупцияга кекиртегине чейин малынгандар...
+3
Dj.
2019-08-06 21:16:46
Баарынан кызыгы Окмот баш, элдин окулубуз деген 120 чимкирик тош болуп Кытайдын адвокаты болуп куйгузгонучу элди...

Кытай элчилигине Бишкектин чок ортосунан 3 гектар жер "подарка" кылды Соке былтыры, Бишкек мэриясында "спектакль" корсотуп...

Айтор, кытайлардан жакшылык кутпой эле койгула...
+2
nabievich
2019-08-06 19:07:37
2013жылы лицензия берген Атамбаев менен Зиладиевдин жоопкерчилигин дагы каоагыла
0
tokur60
2019-08-06 19:18:20
Биздин озубуздун тоо кен институту буткон, тоо кен тамагында иштеген инженерлер ишсиз Россияда журот. Келишим тузулгондо озубуздун кадрлар иштейт деп айталбаган Окмоттун кереги жок. Жумуш жок тентип уй булоо багам деп омурун тобокелге салып, кор болуп кыргыздар журот. Инветордун акчасын гана алуу керек. Сатып алууларды, жумушка орнотууну кыргыз тарап жургузуу керек.
ТЭО, тушкон пайда толук 100% озубузго калуусу зарыл, себеби карызды проценти менен кыргыздар толой турган болгондон кийин.
+1
Chungyz
2019-08-06 19:18:28
компания атын озгортуп жаны келдик деп ишин уланта берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан