Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган кытай жумушчуларынын саны өстү. Бүгүн, 6-августта дагы 9 жумушчу ооруканага кайрылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Саат 15:00гө карата "Zhong Ji Mining" компаниясынын 19 жумушчусунун абалы канааттандырарлык делинип, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ал эми 1 жергиликтүү тургун аталган оорукананын травматология бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна дагы 9 адам кайрылган. Алар кытай компанясынын жуушчулары болгон. Буга чейин 19 жумушчу кайрылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деди маалымат кызматынан.
Бүгүн, 6-августта 29 жергиликтүү тургун артериялык гипертензия менен медициналык жардам сурап кайрылган.
Ал эми саат 13:00гө карата Нарын облустук бириктирилген ооруканасына медициналык жардам сурап 21 адам кайрылган. Анын ичинен 20 кишиге жардам көрсөтүлгөн. Алардын 19у кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясынын жумушчулары, бирөө жергиликтүү тургун. Кытайлык компаниянын дагы бир жумушчусу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.